Главная > ТЕМА / Телеподкаст > Касым ырларынын жыйнагы
Касым ырларынын жыйнагы23 Ocak, 13:04. Разместил: sharizat |
2024-жылдын 30-декабрь күнү “Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүндө Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысынын жардамчысы, “Касым ырларынын жыйнагы” китебинин редактору Сабырбек Бөрүбай конок болуп, Касым Тыныстановдун эмгектери, Түрксой эл аралык уюмунун кылган иштери, Түрк мамлекеттеринин биримдиги үчүн аткарылган иш-аракеттер, латын алфавитине өтүү боюнча маек куруп кетти. Коногубуз эфир жүрүшүндө Касым Тыныстановдун аркасы менен Түрк мамлекеттери биргелешип иштешип башташканын, ал мамилелерди бекемдешибиз керектигин айтып өтүп, азыркы Түрксой эл аралык уюму да Касым атабыздын жолун улап, бир гана өлкөлөр арасында эмес, Түрк дүйнөсүнүн студенттери менен да иштешерин айтып өттү. Сабырбек Бөрүбай: “Биз үчүн, элибиз үчүн мекенчил ата-бабаларыбыз жанын берген. Алардын кылган иштерин баалашыбыз керек. Латын алфавити биздин тарыхыбыз, латын алфавитинде жазылган жүздөгөн чыгармаларыбыз бар, Түрк мамлекеттеринин бирлешкен латын алфавити иштелип чыгып жатат, ошондуктан, латын алфавитине өтүшүбүз керек деп эсептейм,” – деп, алфатин боюнча өз оюн билдирди. Эфир аягында коногубуз Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу репрессиянын курмандыгы болгон ата-бабаларыбыздын басып өткөн жолун окуп коюу да биз үчүн чоң сабак болорун айтып кетти.
Жазган: Айтумар Ибраимова Вернуться назад |