Главная > MANAS TV / ТЕМА / Телеподкаст > Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк деңгээлге чыккан “Манас” университети
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу дүйнөлүк деңгээлге чыккан “Манас” университети23 Ocak, 13:15. Разместил: sharizat |
2024-жылдын 30-декабрь күнү “Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүндө компьютердик инженерия бөлүмүнүн бөлүм башчысы доцент Рита Исмаилова конок болуп, “Манас” университетинин жетишкендиктери жана QS рейтинги боюнча маалымат берди. Рита Исмаилова: “Университетибиз Кыргызстанда биринчилерден болуп билим берүү жаатында дүйнөлүк деңгээлге чыгып, биринчи жолу QS рейтингинде Азия универитеттери арасында 230чу орунда жер алды. Бул биз үчүн абдан жакшы жетишкендик. QS университеттердин ааламдашуусу, билим берүү дэңгээли, башка университеттерди таануусу жана башка критерийлери менен карайт. Ошол критерийлер менен Япония, Корея өлкөлөрүнүн университеттери менен ат салышып өнүгүүсү аябай кубандырат. Бир гана бул жагынан эмес, тил боюнча да дүйнөлүк университеттер арасында 340-орунда турат, “ - деп бизди кубандырды. Жана ошондой эле, сөз соңунда коногубуз QSтин университеттер арасында жарышуу максатын көздөгөнүн эмес, абитуриенттерге жардам болуусу үчүн түзүлгөнүн айтып өттү.
Жазган:Ибраимова Айтумар Вернуться назад |