Главная > ТЕМА / Телеподкаст > Коммуникация факультетинин жетишкендиктери
Коммуникация факультетинин жетишкендиктери7 Mart, 09:50. Разместил: sharizat |
“Манас” телеканалынын “Тема” программасында КТМУнун коммуникация факультетинин деканы Угур Үнал, КТМУнун коммуникация факультетинин окутуучусу, режиссер Наргиза Маматкулова, Стамбулбек Мамбеталиев жана КТМУнун коммуникация факультетинин окутуучусу, фотограф Фахри Тархан конок болушуп, “Айдын Доган” фонду менен Түркиянын журналисттер коомунун биргелешип өткөргөн “Жаш медиа өкүлдөрү” аттуу конкурсуна катышып, андагы студенттердин кандай ийгиликтерге жетишкендери тууралуу, деги эле коммуникация факультетиндеги жетишкендиктер тууралуу кеп кылышты. Конокторубуз: “Ийгиликке жетишип жатканыбыздын эң негизги себептери – мыкты адистердин билим берүүсү жана университет ректорлугунун бизди колдоосу. Студенттерибиз аталган конкурска катышып эң мыкты орундарга ээ болуп кайтышты. Кыска метраждуу тасмадан биринчи орунду, фотография боюнча биринчи жана үчүнчү орунду багындырышты. Конкурстарга катышуу менен бирге, университетибизди да дүйнөгө таанытып жатышат. Түркиядагы эң алгачкы 5 университеттин катарын толуктаганы да бизди аябай кубандырат. Жаш студент болуп туруп, эмгектерин эл аралык чоң конкурстарда көрсөтүү окуучуларыбыз үчүн да жакшы нерсе. Бир гана бул эмес, башка да дүйнөлүк конкурстарга катышып, ийгиликтерге жетишип келишет. Мисалы, ЮНЕСКОнун жаш сүрөтчүлөргө арналган чоң конкурсунда 120дан ашык өлкө катышып, анын ичинен эң мыкты ондукка киргенбиз,” – деп, бизди кубандырып кетишти. Айта кетсек, “Айдын Доган” фонду менен Түркия журналисттер коому биргелешип 34-ирет өткөрүп жаткан конкурсуна университетибиздин студенттери 21-ирет катышып келишкен.
Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз.
Жазган: Айтумар Ибраимова
Вернуться назад |