Главная > ТЕМА / Телеподкаст > «Эр Төштүк» комикси

«Эр Төштүк» комикси


7 Mart, 10:09. Разместил: sharizat

2025-жылдын 12-февраль күнү “Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүндө “Тамчы тасма” фондунун жана  “Миксон” комикс онлайн платформасынын түзүүчүсү Гүльнур Канат конок болуп, элибиздин оозеки чыгармаларынын катарын толуктаган “Эр Төштүк” эпосунун комикс форматында чыгуусу боюнча, кол өнөрчүлүк жөнүндө тартылган тасмалары, деги эле эмгектери жөнүндө кеп кылып кетти.

 Коногубуз Гүльнур айым: “Кыргыздардын маданиятына кичинекейимден кызыкчумун, өнүктүргүм келчү. Биздин жомокторубуздун каармандарын азыркы кичинекей балдар ичинде тааныбагандары да бар экен. Ошол элибиздин оозеки чыгармаларын таанытуу үчүн, Эр Төштүктү комикс түрүндө иштеп чыктык. Бир гана ал эмес, кыргыз элинин аспаптары, кол өнөрчүлүк жөнүндө да тасмаларды тартканбыз. Элибиздин чеберлерин колубуздан келгенинче колдосок… Болушунча кыргыз маданиятын өнүктүрүп дүйнөгө таанытсам дейм. Жаштар менен жолугуп, аларга семинарларды өтүп турабыз. Корея, Япония өлкөлөрүнүн ар кандай анимациялык тасмаларды тарткан компанияларында иштеген жарандарыбыз келип, жаштарга өзгөчө мотивация берип кетишет. Ушундай кыргыз тилин өнүктүргөн иштерди көбөйтсөк аябай жакшы болмок,”  – деп өз ойлору менен бөлүштү.

 Сөз соңунда коногубуз жаштарга, элибизди өнүктүрүүгө аракет кылышыбыз керектигин айтып, жана ошондой эле, бирге иштешкиси келген адамдар болсо ар дайым даяр экендигин айтты.

Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз.

 

Жазган: Айтумар Ибраимова


Вернуться назад