Главная > Новости "Медиа Манас" / ПРОГРАММА ''БОЛЬШЕ, ЧЕМ ПРОСТО УНИВЕРСИТ > КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ ЖАҢЫЛАНУУЛАР

КЫРГЫЗ-ТҮРК "МАНАС" УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ ЖАҢЫЛАНУУЛАР


10 Mart, 15:33. Разместил: sharizat

2025-жылдын 7-март күнү “Манас” телеканалынын “Университеттен да артык” программасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев конок болуп, КТМУдагы жаңылануулар жөнүндө маалымат берип кетти. 

Коногубуз эфир жүрүшүндө, университет алдыңкылардан болуу үчүн, азыркы технологиянын заманында учур менен чогуу өнүгүшү керек экенин айтып, университетибиз азыркы учурда америкалык IT компаниялар менен иштешип жатканын айтып өттү. Ал компанияларда студенттерибиз тренингдерге катышып, билим алып, америкалык сертификаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Университетибиздин дагы бир өзгөчөлүгү студенттер 1-курстан баштап практика кылып, өз профессияларын таанып, үйрөнүп башташат. Бир гана ал эмес башка өлкөлөр менен да биргелешип келишимдерди түзүп, студенттерибиз окууну бүткөндөн кийин ошол өлкөлөгө барып иштей алыша тургандыгын билдирип, бизди кубантып кетти.

Эфирдин аягында жаштарга кеңеш катары дүйнөнүн аркасынан жүрө бербей, улууну урматтап, кичүүнү ызаттап, адамгерчиликти жоготпостон, элибиздин жакшы каада салттарын улантышы керек деп өз оюн айтып өттү.

 

 

Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз.

 

Жазган: Айтумар Ибраимова 

 


Вернуться назад