“өзгөрүү – бул жашоодогу жалгыз туруктуу мыйзам ченем”
Психолог Салтанат Кыдыралиева
/@saltanat_psychology
Докторантура – бул татаал сынак жана психологиялык чакыруу (челлендж) экенин жана ага даяр болбосоңуз, ар түрдүү психикалык оорулар же бузулууларга чалдыгышыбыз мүмкүн экенин баяндаган автобиографиялык эссемде айтып өттүм эле (Global South's Hub, "Experienced by Many: Mental Health Struggles during my PhD", атындагы 15.05.2025 басылмага караңыз). Изилдөөлөр көрсөткөндөй, көптөгөн докторантура студенттери жалгыздык, илимий жетекчи менен болгон көйгөйлөр, өзгөчө чет өлкөдө окуганда сезилген обочолонуу, мотивациянын жоктугу, финансылык кыйынчылыктар, стресс, перфекционизм жана “импостор синдрому” сыяктуу абалдарга туш болушат.
Клиникалык психолог катары жана бул сыяктуу кыйынчылыктарды өз башыман өткөргөн киши катары, азыркы учурда ушундай эле абалды башынан өткөрүп жаткан докторанттарга пайдалуу болушу мүмкүн болгон кээ бир байкоолорумду бөлүшкүм келет:
- Биринчи кезекте, илимий гана чөйрөдө эмес, социалдык чөйрөдө да активдүү болуңуз. Өзүңүздү бир гана илимий кызыкчылыктар менен чектебеңиз. Академиядан тышкары дагы ар кандай коомдук иш-чараларга катышып туруңуз.
- Башка докторанттар, ал тургай илимий жетекчиңиз менен да академиядагы өз ордуңуз жөнүндө ачык сүйлөшүңүз. Жаман ойлоруңузду ичке катпаңыз — бөлүшүп, колдоо издеңиз. Бул көп адамдар тарабынан сезиле турган “импостор синдрому” экенин түшүнүүгө жардам берет.
- Жадагалса майда жетишкендиктерди дагы күндөлүккө жазып жүрүү — өзүңүздү жөндөмсүз сезүүдөн арылууга жана татыктуу студент экениңизди эске салууга жардам берет.
- Эгер жетекчиңиз кайдыгер болсо (менин тажрыйбамда ошондой болгон), анда өз ыктыярыңыз менен ар жумада жолугушууларды белгилеп алып диссертацияны талкуулаганга аракет кылыңыз. Бул мен үчүн абдан пайдалуу болду анткени илимий жетекчим мени бетме-бет көргөндө кана диссертациям боюнча жооп кайтарууну унутуп калганын эстеп калчу.
- Перфекционизм акыры чарчоого жана түгөнүүгө алып келет. Анын ордуна — анча маанилүү болбогондой көрүнгөн — майда кадамдар менен үзгүлтүксүз алдыга умтулуңуз. Энергияңызды бир жолку көп сааттык жумуш менен сарптабаңыз. Анын ордуна күн сайын кыска убакыттар иштеп изилдөө жүргүзүңүз.
- Психологиялык стратегияларды колдонуңуз: mindfulness, терс ойлорду талдоо, Pomodoro сыяктуу түзүмдүү тыныгулар. Бул ыкмалар психикалык ден соолукту корууга жардам берип, үзгүлтүксүз өсүүнү камсыздайт жана ашыкча чарчап-чаалыкпоого шарт түзөт.
- “Mindfulness” — бул учурду кабыл алуу менен аң-сезимди ошол учурга алып келүү. Күн сайын 5-10 мүнөттүк аң-сезимди ойготуу көнүгүүлөрүн жасаңыз. Жеке мен үчүн аң-сезимдүү сейилдөө пайдалуу болду. Ар бир кадамды, жерди сезип басуу, кыймылдын табигый ыргагын байкоо — бул өзгөчө ыкма.
- “Мен жетишсиз иштеп жазып жатам”, “Окуумду бүтүрө албайм”, “Жашоомду эмнеге коротуп жатам?” сыяктуу терс ойлорду чектеп, аларды тең салмактуу жана конструктивдүү ой жүгүртүүгө айлантууну үйрөнүңүз. Бул мотивацияны жогорулатып, психологиялык туруктуулукту сактап калууга жардам берет.
- Финансылык маселелер мен үчүн да оор болгон, бул көпчүлүк докторант үчүн чоң стресске себеп. Бир нече стипендияга жана каржылык колдоого кайрылыңыз. Финансылый жактан пайдалуу жана сизди камсыздай ала турган көндүмдөрдү үйрөнүңүз.
- Өз изилдөөңүзгө каржылык булактарды табуу үчүн илимий темаңызга байланыштуу фонддорду, уюмдарды карап чыгыңыз. Өзүңүз билген тилдерде репетиторлук кылсаңыз, же онлайн курстарды түзсөңүз — булар да каржылык табууга мүмкүнчүлүк берет. Менин мисалымда, Борбор Азия боюнча темалар менен иштеген фонддорго кайрылдым. Ошондой эле, башталгыч дэңгээлиндеги окуучуларга орус жана англис тилдеринен сабак бердим, котормочу болуп иштедим, бизнесс жолугушууларда синхрондук котормо жасадым. Стамбулда жайгашкан аналитикалык борборлорго макалалар жазып, чакан калем акы алдым.
Докторантурадагы тажрыйбамдан алган негизги сабактарым:
Аракет кылып, колунуздан келишинче мыкты болууга умтулуңуз. Бирок бул жердеги максатыбыз — төгөрөгү төп келген, идеалдуу же эң мыкты болуу эмес, жетишээрлик жакшы болуу экенин түшүнүү.
Келечек жана карьера жөнүндө тынчсыздануу — баарыбызда боло турган кадимки сезим. Бул сезимдериңиз жана мунун натыйжасында пайда болгон тынчсыздануу менен чөйрөңуздөгү адамдар менен бөлүшүүдөн тартынбаңыз.
Академиядан сырткары да жашоо бар. Жашооңуздa бир эле нерсеге (докторантурага) такалып, берилип, байланып калбаңыз.
Акырында, өзгөрүү – бул жашоодогу жалгыз туруктуу нерсе. Ошондуктан, илимий жолуңузда кандай кана чечим чыгарбаңыз, ошол учур үчүн эң туура болгон чечим экенин унутпаңыз.
Салтанат Кыдырaлиева Каплан тууралуу:
Др. Салтанат Кыдыралиева Каплан — саясий психология боюнча постдок изилдөөчү, Москва Психоанализ Институтунда клиникалык психология багытында бакалавр программасын окуган соң психолог катары эмгектенип келет. Анын изилдөө кызыгуулары: саясий жүрүм-турум психологиясы, плакаттардын психоаналитикалык талдоосу, психикалык ден соолук боюнча маалымдуулук жана жардам издөөгө болгон психологиялык тоскоолдуктар. Психологиялык практикада психоаналитикалык ыкмаларды колдонуп, когнитивдик-бихевиоралдык жана эклектикалык ыкмаларды айкалыштырат.
Вернуться назад
|