Главная > ПРОГРАММА ''БОЛЬШЕ, ЧЕМ ПРОСТО УНИВЕРСИТ > “Манас” университетинин Экономика жана башкаруу факультети

“Манас” университетинин Экономика жана башкаруу факультети


20 Haziran, 11:24. Разместил: sharizat

Экономика жана башкаруу факультети заман талабына ылайык төрт багыт боюнча адистерди даярдайт. Анын айтымында, факультеттин окутуу программалары үзгүлтүксүз жаңыланып, заманбап талаптарга шайкеш иштелип чыгат. Окууга тапшырууну каалагандар Жалпы республикалык тестирлөөдөн босого балл алышы, англис тилинен 60тан жогору балл топтоосу жана университет тарабынан өткөрүлүүчү кошумча сынактан ийгиликтүү өтүшү керек.

Маек учурунда профессор Карымшаков абитуриенттерге билим берүү багыттарын туура тандоо боюнча кеңеш берип, учурда билим берүү тармактары арбын болгону менен, алардын мазмуну жана сапаты өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Маектин соңунда Камалбек Карымшаков өзү да “Манас” университетинин бүтүрүүчүсү экенин айтып, абитуриенттерди “Манас”  университетинде билим алууга чакырды.

Программаны толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар.

Жазган: Элдияр Асылбеков


Вернуться назад