Главная > ПРОГРАММА ''БОЛЬШЕ, ЧЕМ ПРОСТО УНИВЕРСИТ > "Манас" университетинин Коммуникация факультети

"Манас" университетинин Коммуникация факультети


23 Haziran, 09:30. Разместил: sharizat

Маек учурунда Канышай Муктарова Коммуникация факультети жана андагы бөлүмдөр тууралуу маалымат берип, бул тармактагы адистиктердин келечеги кең экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, учурда коомчулук менен байланыш, реклама, журналистика жана теле-радио, киноискусство тармактарында кесипкөйлөргө болгон талап өсүүдө.

“Медиа тармагы заманбап технологияларды өздөштүргөн, аналитикалык ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, жогорку жоопкерчиликке ээ адистерди талап кылат. Биздин факультет дал ушул багыттагы кадрларды даярдоого басым жасайт”, — деди Канышай Муктарова.

Ошондой эле программанын жүрушүндө университеттеги билим берүү системасы, эл аралык алмашуу программалары жана окутуунун бюджеттик негизде жүргүзүлөрү тууралуу да пайдалуу маалыматтар айтылды.

Канышай Муктарова маектин соңунда абитуриенттерге кайрылып, Кыргыз-Түрк "Манас" университетин тандап, заман талабына ылайык билим алууга чакырды.

Маекти толугу менен төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар.

 

Жазган: Бегимай Сагалиева


Вернуться назад