Главная > Здоровье / Новости "Медиа Манас" / Образование > ЖАКЫРЧЫЛЫК ПСИХОЛОГИЯСЫ
ЖАКЫРЧЫЛЫК ПСИХОЛОГИЯСЫ8 Ekim, 13:30. Разместил: sharizat |
|
@dzhamal.duishekeeva @saltanat_psychology Жакырчылык — бул жөн гана социалдык-экономикалык көрүнүш эмес, ал адамдын ички дүйнөсүнө, психикасына тиешелүү терең чындык. Жардылык адамдын ойлорунун мейкиндигин чектеп, аң-сезимди жашоо үчүн зарыл болгон негизги муктаждыктарга гана багыттайт. Мунун айынан адамдын чыгармачыл потенциалы жана символдоштурууга болгон жөндөмү басылып, мүмкүнчүлүгү болбой калат. Башкача айтканда адамдын ички сезимдерин, ойлорун же тажрыйбасын белгилер, сөздөр же образдар аркылуу түшүндүрө алуу жөндөмү өрчүбөйт. Жардылык - акыл-эс, билиш, ой жүгүртүү менен байланыштуу (когнитивдик) ресурстарды түгөтөт, адамды дайыма чарчоо абалында кармайт — бул даана эле, узакка созулган уйкунун жетишсиздигине окшогон таасир жаратат. Жашоонун мындай шарттарында аң-сезимсиз деңгээлде же эссиздикте ички тыюулар жана жаңылыш ишенимдер, туура эмес эрежелер (интроекттер) пайда болот: Жардылыктын муундан муунга өтүшү — бул жөн гана материалдык шарттардын же турмуштун натыйжасы эмес. Ал ошондой эле эмоционалдык аффекттер аркылуу болот. Булар: тынчсыздануу, уят жана эссиздиктеги «мол жашоо кооптуу» деген ишеним муундарга өтүп турат. Бул көрүнүш Фрейд сүрөттөгөн «психикалык мурастoo» түшүнүгүнө жана заманбап үй-бүлөлүк динамика боюнча изилдөөлөргө шайкеш келет (Conger & Donnelan, 2007). Каржылык сабатсыздык — бул ички жардылыктын сырткы көрүнүшү деп да айтсак болот. Эгер психикада «ээ болсоң — жоготосуң» же «мал-мүлккө ээ болуу кооптуу» деген интроекттер болсо, анда акча менен иш алып баруу көндүмдөрү таптакыр калыптанбайт же үстүртөн эле кала берет. Жардылыктан чыгуу — бул жөн гана тышкы шарттарды өзгөртүү эмес, ошондой эле эссиздиктеги «жакыр» образы менен болгон идентификацияны кайрадан иштеп чыгуу жана өзү, акча жана ээ болуу укугу тууралуу ички баянды кайра түзүүнү талап кылат. Бул жагынан алганда, каржылык сабаттуулук жөн гана практикалык көндүмдөрдүн жыйындысы эмес. Ал — ички өзгөрүүнүн көрүнгөн белгиси, адамдын өзүнө жана дүйнөгө болгон жаңы мамилесинин далили. Ээ болууга, сактоого жана өзү каалагандай башкарууга жөндөмдүүлүктүн психологиялык көрсөткүчү. Вернуться назад |