Кыргызстанда дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталды

Бул иш-чаранын максаты – балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.



31-октябрда биздин өлкөбүз алтынчы ирет Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилейт,  бул иш-чара Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча Шпаркасс фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, коммерциялык банктар жана Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен биргеликте уюштурулат.

Бул иш-чаранын максаты – балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн негизги милдети – калкты  каражат топтоого үйрөтүү, анткени каражат топтоо адамдардын өздөрүнүн келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет: алсак, балдарга билим берүү, турак жай, автоунаа сатып алуу, саякатка чыгуу жана башка көптөгөн турмуштук жагдайларга  шарт түзөт.

Ушул жылы Дүйнөлүк каражат топтоо күнү «Кыялдар канат байлаганда» - «Когда мечты становятся возможностями» деген ураанга ээ болгон, мындай ураан иш-чаранын маңызын так чагылдырып, бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын каражат топтоо боюнча туруктуу ыкмасы катары – банктык аманаттар экендигин тастыктоодо.

Депозиттик базанын өсүшү биринчи кезекте банк тутумунун туруктуулугуна, ошондой эле депозиттердин бир катар артыкчылыктарына байланыштуу.

Бардык социалдык нормаларды эске алуу менен, 2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү онлайн режиминде өткөрүлөт.

Пландаштырылган иш-чаралардын толук тизмеси Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылат.

Кыргызстанда  дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталды

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.