ВЕТЕРИНАР КЕСИБИНИН МААНИСИ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ВЕТЕРИНАР КЕСИБИНИН МААНИСИ

Ветеринария адамзат тарыхындагы эң байыркы кесиптердин бири деп эсептелет. Айрыкча IX-кылым жана XV-кылымдар арасында жаныбарлардын оорулары жөнүндө көптөгөн араб кол жазмалары бар. Ошондой эле 1761-жылы Лион шаарында биринчи ветеринардык факультет түзүлгөн. Андан кийин башка өлкөлөрдөгүдөй эле, 1842-жылы Түркияда жана 1933-жылы Кыргызстанда биринчи ветеринардык окутуу башталган.



         Жогоруда белгиленгендей Ветеринария кесиби тууралуу негизги маалыматтарды КТМУ Ветеринария факультетинин деканы, проф.докт. Исмаил Шен "ТЕМА" телекөрсөтүүсүнүн алкагында берип кетти. 

         Программага бөлүнгөн убакытты профессор Шен:

"- Ветеринардык врач "сөз катары" эмнени билдирет?

- Кыскача тарыхчасы кандай?

- Ветеринардык врач эмне кылат?

- Малдан адамга жугуучу оорулардын алдын алууда ветеринарлардын ролу кандай?

- КТМУнун Ветеринария факультетинин башка окуу жайлардан өзгөчөлүгү эмнеде?" - деген сыяктуу суроолордун жоопторуна токтолду. Маекти түрк тилинен кыргыз тилине аталган факультетин илимий кызматкери Нур Абдыманап уулу которуп баяндады. 

         Кененирээк маалыматты төмөнкү видеодон ала аласыздар. 

 

         МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 

 

 

 

ВЕТЕРИНАР КЕСИБИНИН МААНИСИ ВЕТЕРИНАР КЕСИБИНИН МААНИСИ ВЕТЕРИНАР КЕСИБИНИН МААНИСИ ВЕТЕРИНАР КЕСИБИНИН МААНИСИ

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.