Ректор Алпаслан Жейлан "Манас" телеканалында конок болду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректор Алпаслан Жейлан "Манас" телеканалында конок болду

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” телеканалынын “Университеттен да артык” аттуу берүүсүнө конок болду.



Бүткүл Кыргызстанга обого чыккан “Манас” телеканалында профессор Алпаслан Жейлан университеттин эл аралык кадыр-барктуу уюмдар тарабынан тастыкталган ийгиликтери тууралуу айтып берди. Ал эки өлкөнүн президенттеринин өзгөчө көңүл буруусуна ээ болгон университет катары чоң жоопкерчиликти сезерин белгиледи. Ошондой эле, “жарыштан кийин дагы чуркаган аргымактардай” болуп, жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн тынымсыз аракет кылууну улантышаарын баса белгиледи. 

Берүүдө 2025-жылдагы билим берүү пландары тууралуу да маалымат берилди. Профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз тили жана адабияты бөлүмү ачылып, Медициналык факультетке студенттер кабыл алына баштай турганын, технопарк сыяктуу маанилүү долбоорлор ишке аша турганын билдирди. 

Ошондой эле, студенттердин кызыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде студенттердин канааттануусун арттыруу максатында жаңы социалдык мейкиндиктер ачылары жана көптөгөн жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлөрү тууралуу сүйүнчүлөдү. 

Профессор Алпаслан Жейлан “Манас” телеканалынын жаңыланган студиялары тууралуу да пикирин билдирди: “Биз үчүн “Университеттен да артык” деген идеянын ишке ашырылышы маанилүү. Бул максатты орундатууда  “Манас” телеканалы негизги аянтча болуп саналат. Бул телеканалдын өнүгүшү университетибиздин гана эмес, Кыргызстандын маданиятын, искусствосун, адабиятын жана башка жетишкендиктерин кеңири аудиторияга жеткирүүдө чоң роль ойнойт. Биз “Манас” телеканалынын мыкты иштерди жасап жатканын көрүп турабыз жана сиздерге ыраазычылык билдиребиз,”– деди ректор.


Загрузка плеера...


Ректор Алпаслан Жейлан "Манас" телеканалында конок болду Ректор Алпаслан Жейлан "Манас" телеканалында конок болду Ректор Алпаслан Жейлан "Манас" телеканалында конок болду Ректор Алпаслан Жейлан "Манас" телеканалында конок болду

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.