Чыныгы каармандар чагылдырылып, реалдуу окуялардан турган даректүү тасмаларды көпчүлүк жарандар эмнегедир баалай бербейт. Көбүнчө фантатиска, детектив, драмалар азыркы көрөрмандардын суроо талабына ээ. Анткени менен кесипкөй кинорежиссерлордун айтымында, чындык жана реалдуулукту даректүү тасмалар гана тартуулап, турмуштагы расмий абал менен таанышууга мүмкүндүк берет.
Бишкек шаарында 11-апрелден 14-апрелге чейин улана турган “Үмүт” жаш киночулардын XII форумун өткөрүүдөгү негизги багыттардын бири да ушул даректүү тасмаларга арналмакчы.
Кыргызстандагы кино тартуу маданияты, мурдагы жана кийинки кинонун өзгөчөлүктөрү, кино критика деген эмне жана башка бир катар суроолорго жооп алуу үчүн даректүү тасма тартуу менен өзүнүн чыгармачылык жолуна чыйыр салган жаш режиссер Асель Жураева менен маектештик.
Алгачкы суроо «Үмүт» жаш киночулардын XII форуму тууралуу болсун. Асель айым, айтсаңыз жаш кинорежиссерлордун кесиптик өсүшүнө арналган бул ишчарага болгон сиздин көз карашыңыз кандай?
Менимче, мындай кинофорумдар, атайын уюштурулуп жаткан аянтчалар бизге абдан керек. Айрыкча жаш өсүп келе жаткан киноматографисттерге тийгизе турган таасири, пайдасы зор болот деп ойлойм. Алар өздөрү тарткан тасманы чоң экрандан көрүп, түзмө-түз көрөрмандар менен байланыша алат. Ошондой эле кесиптештер менен тажрыйба алмашууга шарт түзүлөт. Ошондуктан, бул абдан керектүү сонун мүмкүнчүлүк. Мындай ишчаралар чындыгында көп деле эмес, ошолордун бири ушул “Умут” кинофоруму болуп эсептелет.
Мен дагы убагында өзүмдүн алгачкы тасмаларым менен “Умут” кинофорумуна катышып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкем. Менимче ар бир режиссер болом деген жаштар түздөн-түз көрүүчүлөр менен байланышкысы келет. Бул жерден алардын тасмасын көргөн көрармандардын суроолоруна жооп берип, өзүнчө диалог түзүүгө да болот. Ошондуктан бул аянтча жаштарга зор салымын кошуп жатат. Бул ишчаранын мындан ары да өсүп-өнүгүшүн каалайт элем. Анткени бир гана тасма көрүү менен чектелбестен бул жерден чебер-класстарга, воркшопторго катышып, сага керектүү көп нерселерди үйрөнүп алууга шарт түзүлөт.
Ишчаранын максаттарынын бири эл аралык кино жаатындагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган экен, айтсаңыз кошуна мамлекеттердин жана жергиликтүү киночулардан айырмачылыгы эмнеде? Алар менен кызматташуу бизге зарылбы?
Кызматташуу сөзсүз түрдө керек. Анткени чыгармачылыктын чеги жок. Канчалык кыматташуу көп болсо, канча көп чыгармалырды жаратсан, ошончолук ал көп ийгиликтерди алып келет. Ар бир чыгармачыл адамдын өзүнүн ички дүйнөсү бар, өзүнүн айта турган ою бар. Ошого жараша өздөрү эмнени каалап же ойлондуруп жатса, ошондой чыгармаларды жаратышат. Негизи эле кыргыз киносунун айырмачылыгын, көбүнчө артыкчылыгын дүйнө жүзүндө айтып жүрүшөт. Айрыкча, даректүү тасмалар тууралуу көп угуп жүрөм. Биздин кыргыз киносунун өзүнүн формасы, стилистикасы бар деп айтып жүрүшөт. Визуалдык же режуссура жактан болобу, айтор темадан дагы айырмачылыктары болот экен.
Акыркы жылдары даректүү тасмалардын өнүгүп, көп тартылып жаткандыгы да мени сүйүндүрүп жатат. Мен чыгармачылыкты жаңы баштап жаткан кезде 1-2 эле даректүү тасма тарткан режиссер бар болчу. Ал кезде бир аз эле тасма тартылчы эле, азыр көптөгөн көркөм тасма жана даректүү тасмалар тартылып жатат. Биргелешкен долбоорлор дагы көп болуп жатат. Белгилей кетсем, азыр бир гана КМШ менен эмес Европа менен биргеликте тартылган ири даректүү тасмалар дагы тартылып жатат. Бул дагы бизди дүйнө жүзү кабыл алып жаткандыгынан кабар берип, көз караштарыбыз бир экенин билдирип жатат. Чет жакта техника абдан өнүккөндүгүнө байланыштуу, алардан техникалык жактан көп нерсени үйрөнсөк болот. Ошондой эле кинону кантип сатыш керек, элге кантип жайылтыш керек экенин үйрөнсөк болот. Алар колдоногон инструменттерди өзүбүзгө кабыл алып, иштей баштасак сонун болот деген ойдомун.
Сиздин ишмердүүлүккө токтолсок, сиз даректүү тасмаларды жаратып, кыргыз кино тармагындагы жаш режиссерлордун сап башында турат экенсиз, айтсаңыз бул кесипти эмне үчүн тандап алдыңыз?
Мен Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин режиссура бөлүмүн аяктагам. 3-курста окуп жүргөн кезде Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” тасмасын тартууга ассистент болуп келип, ошол жерден агай менен таанышып, анын 2 жылдык курсунда окугандан кийин мени агай даректүү тасмалар дүйнөсүнө алып келген. Ошондо эле мага бул багыт абдан жаккан. Аларды көрүп, изилдеп анан өзүм дагы биринчи даректүү тасмаларды тартып баштагам. Ошондо мен бул меники экенин түшүнгөм, мага жагаарын билгем. Бул менин колумдан келет экенин түшүнгөнмүн. Негизи мен даректуу тасманы да, көркөм тасманы да тарта алам жана бирдей алып кете алам деп ойлоймун. Анткени менен мага даректүү тасмалар көбүрөөк жүрөгүмө жакын. Себеби, ал чындыкты чагылдырып, болгон окуяны өз көзүн менен көрүүгө шарт түзө алат. Абдан көп инструменттерди колдонуп, жашоону дагы тажрыйба жүзүндө даректүү тасманы тартып жатып түшүнөсүң. Ошол эле элдер менен сүйлөшүп жатып, адамдын психологиясын да жакшы түшүнүп калат экенсиң. Даректүү тасманын артынан мен бир гана Кыргызстанда эмес, чет мамлекетке да таанылып калдым. Азыр дагы бир чоң даректүү тасма тартуу менен алекмин. Негизи даректүү тасма тартканды абдан жакшы көрөм, андан рахат алам. Кызыктуу каарман же темалар болсо, өзүмдүн блокнотума сөзсүз жазып алам да, кийин ошону ишке ашырууга аракет кылам.
Кыргыз киносунун мурдагы жана азыркы учурдагы айырмачылыктары тууралуу пикириңизди билдире кетсеңиз
Айырмачылыктар чоң эле болгон. Айтсак, советтер союзунда техника азыркыдай өнүккөн эмес эле да. Анда пленкага тартып, материал кандай болгонун алдын ала билбей, бир айлап анын даяр болушун күтүп, ал даяр болгондо гана көрө алышкан. Ал эми азыр болсо, биз тартып жатып эле, плейбек деген бар, ошонун жардамы менен экран аркылуу шыр эле эмнени тартып жатканыбызды көрүп алабыз да, жакшы болбой калса кайрадан тартып алабыз. Техникалык жактан өнүгүү болгон үчүн азыр бизге бир кыйла жеңил болуп калды. Азыр көбүнчө жеке менчик ишканалар, уюмдар өз каражаттарына кино тартып, аны прокатка чыгарып жатышат.
Союз убагында кино тартууга мамлекет каржылоо кылып, ошол акчага кино тартылчы экен. Азыр деле жаман эмес. Мурда деле, азыр деле биздин мыкты чыгармачыл топтор: режиссерлор, драматург, сценарист, киномотографисттер болгон жана бар. Мындан кийин дагы да арабыздан залкарлар чыга берет деген ойдомун.
Эң башкысы бир-бирибизди колдоп, кубаттап турсак эле кыргыз киносу дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, ири ийгиликтерди жарата берет.
“Үмүт” форумунун жүрүшундө сиз жасай турган презентация тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Форумда кандай маалымат менен бөлүшүүнү пландаштырып жатасыз?
“Үмүт” кинофорумунун алкагында биздин айым режиссерлордун эл аралык кинофоруму тууралуу презентацияны координатор Назгул Доолоткелдиева презентация жасайт. Ал жерден биздин кинофорумдун ишмердуулугу, максаты тууралуу айтылат. Айым кинорежиссерлор тарткан кыска метраждуу, көркөм жана дараектүү анимация жанрдагы фильмдерди кабыл алабыз. Ошондой эле ворк шопторду, мастер класстарды өткөрөбүз. Айым кинорежиссерлордун кинофоруму керекпи, деген маселе дагы козголот. Көрүүчүлөрдүн суроолору болсо толук маалымат ала алышат.
Кинокритикага сиз кандай карайсыз? Критика керекпи негизи.
Аябай жакшы суроо экен. Албетте кинокритика деген болушу керек. Профессионал кинокртиттер жана көрүүчүлөрдун критикасы болуп кинокритика экиге бөлүнөт. Мисалга, Голливуддун кинолоруна болгон критикаларга токтолсом, буларда кинокритиктери алдын ала чыга турган кино тууралуу абдан популярдуу болгон журналдарга, сайттарга өздөрүнүн рецензиясын жарыялашат. Ошол рецензия чыкканда элдер аны окуп, андан кийин кинону көрүүгө барышат. Бул сонун нерсе деп ойлойм. Анткени кинокритиктер кинонун жаман-жакшы жагын талдап, оюн бөлүшкөндөн кийин, элдин көрүүгө карата ышкысын ойготот.
Профессионалдар жана көрөрмандар тарабынан критиканын болуп турганы абдан пайдалуу. Мисалы, мен тарапка критика боло турган болсо, мен андан качпаймын, ошол жагын оңдоого шашылам. Аны туура кабыл алам. Балким мага тиешеси жок эле критика болушу да мүмкүн. Аны деле кабыл ала берем. Анткени критика болсо, өсүш жана өнүгүү болот. Мындан да мыктыраак кино жаратууга аракет жасайсын. Бизде тилекке каршы кинокритика жагыбыз эми гана өсүп келе жатат. Жаш кинокриттиктер келип, көргөн тасмалары боюнча ою менен бөлүшүп жатат. Ошондой эле инстаграмм, тиктокто блогерлер көбөйүп, алар дагы ою менен бөлушү, азыр баары ачык-айкын болуп калды. Бул эң жакшы көрүнүш.