Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү



 

Кыргызстанда 1996-жылдан бери иштеп келе жаткан ТТӨМЕР окутуу борбору түрк ырларынын сынагын уюштурду.

Сынактын калыстар тобунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) көркөм өнөр факультетинин окутуучулары Неджип Йылдын жана Гөкхан Үнсал, Бишкектеги түрк мектебинин музыка мугалими Шафак Баш жана Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин музыка мугалими Уфук Баш болду.

Сынакта Назима Жумакадырова "Сил башынан" ыры менен 1-орунду, Нурсултан Сыртбаев "Сабрет" ыры менен 2-орунду, Рыскелди Старбек "Бу геже өлүрүм" ыры менен 3-орунду алышты.Сынактын катышуучуларына жана иш-чарада өткөрүлгөн чучу кулактын жеңүүчүлөрүнө (20 кишиге) Түркияга саякаттоого жолдомо берилди. Түркияга эс алуу жолдомолорун Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Кыргызстандагы өкүлү Тахир Осман Тахир, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координатору Мехмет Бодур жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин аскердик атташеси полковник Толга Такымжы тапшырды.

 

 

Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү Кыргызстанда түрк ырларынын сынагы өттү

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.