"Тема" программасында КТМУ Карьераны өнүктүрүү кеңсесинин коорднатору Сейил Нажимудинова, КТМУнун бүтүрүүчүсү Кыял Байтурова менен “Карьера күнү” тууралуу баарлаштык.
Программанын алкагында меймандар иш-чаранын максаты жана студенттерге болгон пайдасы тууралуу маалымат беришти.
Мындай жолугушуулар билим берүү менен өндүрүштүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзүп, студенттердин эмгек рыногуна ийгиликтүү аралашуусуна шарт жаратат. Иш-чаранын алкагында студенттер реалдуу жумуш берүүчүлөр менен түз байланышка чыгып, стажировка жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жол табышат.
Меймандар ошондой эле, университет менен иш берүүчүлөрдүн кызматташтыгы студенттердин практикалык көндүмдөрүн өрчүтүп, келечекте кесиптик ийгиликтерге жетүүсүнө чоң түрткү болорун белгилешти.
Маекти толугу менен төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар.
Жазган: Элдияр Асылбеков