"Тема" телеберүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Азербайжан Улуттук Илимдер Академиясынын президенти, профессор Иса Хабиббейли конокто болуп, түрк дүйнөсүнүн келечеги тууралуу баарлаштык.
Маектин жүрүшүндө профессор Хабиббейли түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү, биргелешкен илимий жана маданий долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы тууралуу өзүнүн ой-пикирин ортого салды. Ал ошондой эле билим берүү тармагындагы өз ара байланыштарды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, жалпы түрк дүйнөсүнүн келечеги биримдикте жана өз ара түшүнүшүүдө экенин белгиледи.
Маекти толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар:
Жазган: Элдияр Асылбеков