"Тема" программасында тарыхчы илимпоздор менен орток археологиялык изилдөөлөр тууралуу маектештик
"Тема" программасынын бул чыгарылышында Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары — профессор Нариман Дехканов жана профессор Боходыр Ганиев, ошондой эле Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу, профессор Кубатбек Табалдиев мейман болду.
Программада эки жогорку окуу жай тарабынан жүргүзүлүп жаткан орток археологиялык изилдөөлөр тууралуу кеп козголуп, илимпоздор бул кызматташтыктын илимий мааниси, тарыхый мурастарды чогуу изилдөөнүн артыкчылыктары жана анын эки өлкөнүн маданий алакаларына кошкон салымы тууралуу пикирлерин бөлүшүштү.
Ошондой эле, профессорлор жүргүзүлүп жаткан археологиялык казуулар, табылгалар жана бул иштердин студенттер үчүн түзүп жаткан мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат беришти. Алардын айтымында, мындай эл аралык долбоорлор студенттердин практикалык билимин арттырып, илимий потенциалын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Илимий кызматташтыктын реалдуу жыйынтыктары жана келечектеги пландары камтылган бул маекти толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар.
Жазган: Элдияр Асылбеков