2025-жылдын 8–9-10-август күндөрү Бишкек шаарында Татарстан Республикасынын кино күндөрү өтөт. Бул маданий иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жана “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борбору уюштурууда. Иш-чара Кыргыз Республикасы менен Татарстан Республикасынын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого багытталган маанилүү кадам. Кино күндөрүнүн алкагында Бишкек шаарынын тургундары менен коноктору татар тасмаларын акысыз көрүп, татар элинин турмушу, салт-санаасы жана чыгармачылыгы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.