“Манас” поезди сапарда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манас” поезди сапарда

 

“Манас” университети 30 жылдык маарекесинин алкагында Ысык-Көлгө поезд менен сапар алат.



“Тема” программасында Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси, профессор Кемал Полат университеттин 30 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жаткан “Манастан тарыхка саякат” аттуу поезд сапары тууралуу маалымат берди.

 

Кемал мырзанын айтымында, 2025-жылдын 7-сентябрында Бишкек–Балыкчы багыты боюнча өтө турган 15 вагондуу туристтик поездде студенттер жана мугалимдер жол тартып, сапар учурунда Улуу Жибек жолу, Баласагын шаары, Бурана мунарасы жана түрк доору тууралуу тарыхый маалыматтар берилет.

 

Балыкчыда “Манас” лицейи менен келишим түзүлүп, илимий жана маданий иш-чаралар уюштурулат.

 

Ошондой эле ректордун кеңешчиси бул поезд сапары жөн гана маданий иш-чара эмес, университеттин биримдигин бекемдеген жана бир туугандыкты чыңдай турган маанилүү кадам экенин белгиледи.

 

Программаны толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыз


Загрузка плеера...


“Манас” поезди сапарда “Манас” поезди сапарда

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.