"Манас" университетинин Коммуникация факультети » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Манас" университетинин Коммуникация факультети

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетинин Коом менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн окутуучусу Канышай Муктарова менен аталган факультет тууралуу маек курдук.



Маек учурунда Канышай Муктарова Коммуникация факультети жана андагы бөлүмдөр тууралуу маалымат берип, бул тармактагы адистиктердин келечеги кең экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, учурда коомчулук менен байланыш, реклама, журналистика жана теле-радио, киноискусство тармактарында кесипкөйлөргө болгон талап өсүүдө.

“Медиа тармагы заманбап технологияларды өздөштүргөн, аналитикалык ой жүгүртүүгө жөндөмдүү, жогорку жоопкерчиликке ээ адистерди талап кылат. Биздин факультет дал ушул багыттагы кадрларды даярдоого басым жасайт”, — деди Канышай Муктарова.

Ошондой эле программанын жүрушүндө университеттеги билим берүү системасы, эл аралык алмашуу программалары жана окутуунун бюджеттик негизде жүргүзүлөрү тууралуу да пайдалуу маалыматтар айтылды.

Канышай Муктарова маектин соңунда абитуриенттерге кайрылып, Кыргыз-Түрк "Манас" университетин тандап, заман талабына ылайык билим алууга чакырды.

Маекти толугу менен төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар.

 

Жазган: Бегимай Сагалиева


Загрузка плеера...


"Манас" университетинин Коммуникация факультети

Yorum Ekle

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.